KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт Бишкек шаары боюнча: — Бишкек шаарынын Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна; — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; Ош облусу боюнча: — Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна; — Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна Жалал-Абад облусу боюнча: — Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; Баткен облусу боюнча: — Баткен облусунун Баткен облустук сотунун судьясынын 3 бош кызмат ордуна; Ысык-Көл облусу боюнча: — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Ысык-Көл облусунун  Балыкчы шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; Талас облусу боюнча: — Талас облусунун Талас шаардык  сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; Чүй облусу боюнча: — Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна; — Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14  күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилиши керек. Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14  күндүн ичинде 2024-жылдын 26-мартынан 8-апрелине чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт. Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg Арызга төмөнкү документтер тиркелет: 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар); 5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 6) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 2 даана; 7) 2023-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 8) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 9) тиркеме папка. Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип  Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот). Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар. Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кенеш тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын  Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин 2023-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер  конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди тапшырууда басма (компьютер) түрүндө анкета берүүгө милдеттүү. (үлгүсүн расмий сайттан шилтеме аркылуу карап  алса болот- http://otbor.sot.kg/post/forma-ankety).
26 марта 2024
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 3 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт
Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариаты 2023-жылдын 20-октябрынан 02-ноябрына чейин 14 күн ичинде саат 09:00дон 17:30 га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефон номерлерине чалып же otbor.sot.kg сайтынан алууга болот. Конкурска катышууга арыз талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндүн ичинде берилүүгө тийиш. Арызга тиркелүүчү документтер: 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар); 5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 6) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 2 даана; 7) 2022-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 8) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 9) тиркеме папка. Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот). Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жараны; 2) Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) Юридикалык кесиби боюнча он беш жылдан кем эмес эмгек стажы, анын ичинде 5 жылдан кем эмес судьялык стажы бар; 5) Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Конкурстук тандоого киргизүү боюнча маселе каралганга чейин талапкерлер Кеңеш тарабынан суратылган мамлекеттик органдардардан келип түшкөн  документтер менен таанышууга укуктуу. Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку соттун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен жаш курагынын чегине жеткенге чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн добушу менен шайланат. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы №664 сандуу токтомун аткаруу үчүн улуу 664 «Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоол болгон оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 06-октябрындагы №1198 сандуу буйругу менен судьянын кызмат ордуна талапкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн №086-1/у медициналык документинин формасы  бекитилгендигин маалымдайт. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому жана медициналык документтин формасы менен www.otbor.sot.kg сайтынан таанышсаңыз болот.
20 октября 2023
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт Бишкек шаары боюнча: — Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Ош облусу боюнча: — Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Жалал-Абад облусу боюнча: — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Баткен облусу боюнча: — Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Ысык-Көл облусу боюнча: — Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Нарын облусу боюнча: — Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилиши керек. Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14 жумушчу күндүн ичинде 2023-жылдын 11-августунан 30-августуна чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт. Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg Арызга төмөнкү документтер тиркелет: 1) паспорттун көчүрмөсү; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана ЖОЖдон архивдик маалымкат; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесип боюнча иш стажынын бар экендигин тастыктаган башка документтер; 4) конкурска катышуу алдында алты ай ичинде берилген ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду (ЖСТТ 086 формасындагы маалымдама); РПЗ жана РБН менен маалымдамалар. 5) талапкердин инсандыгын, сыйлыктарын мүнөздөөчү мүнөздөмө, пикирлер, сунуштар; 6) 3х4 өлчөмүндөгү бир сүрөт ; 7) 2022-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясы; 8) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 9) байлоочу папка (скоросшиватель) Көрсөтүлгөн тизмеге ылайык арызды жана документтерди берүүдө бардык талапкерлер «Судьянын кызмат ордуна талапкердин анкетасын» жана талапкердин жеке маалыматтарды алууга макулдугун Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин катчылыгында Кыргыз Республикачынын Юстиция министирлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө) толтурушат. (үлгүнү расмий сайттан карасаңыз болот). Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар. Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кенеш тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
11 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Акматов Болотбек Джусупбекович

Урматтуу окурмандар жана достор!

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Сиздердин Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлер боюнча оң жана терс пикирлериңиздерди карап чыгууга даярбыз.

"Жарандардын кайрылуусу" бөлүгүнө кайрылыңыздар.

 

 

Идет загрузка...