KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кеңештин катчылыгы

24 июня 2022

«Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Кеңештин катчысынын иш милдети ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерине,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин органдарынын жана сот тутумунун коллегиалдуу органдарынын ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адисине жүктөлөт.


Кеңешти катчысы:


1) Кеңештеги иш кагаздарын алып барууну уюштурат;


2) Кеңештин жыйналышын даярдоону камсыз кылат;


3) Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлайт;


4) Кеңештин кезектеги жыйналышынын күн тартибин Кеңештин мүчөлөрүнө жеткирүүнү камсыз кылат;


5) судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген талапкерлер боюнча добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;


6) Кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;


7) ишке тиешеси бар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн жөнөтүүнү камсыз кылат;


8) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак өткөрүү жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик басма сөз органына жана Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат;


9) Кеңештин төрагасынын тескемеси боюнча Кеңештин компентенциясына таандык кылынган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин органдарынын жана сот тутумунун коллегиалдуу органдарынын ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси — Боронбаев Кубанычбек Нуралиевич.


Кеңешти катчылыгынын байланыш телефону: 0557 015500