KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт Жалал-Абад облусу боюнча: — Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна. Ысык-Көл облусу боюнча: — Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна. Чүй облусу боюнча: — Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна. Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине берилиши керек. Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14 күндүн ичинде 2024-жылдын 23-июлунан 5-августуна чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт. Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg Арызга төмөнкү документтер тиркелет: 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана жогорку окуу жайынан архивдик маалымкаттын көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар); 5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 6) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 2 даана; 7) 2023-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 8) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 9) тиркеме папка. Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот). Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар. Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин 2023-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди тапшырууда басма (компьютер) түрүндө анкета берүүгө милдеттүү. (үлгүсүн расмий сайттан шилтеме аркылуу карап алса болот- http://otbor.sot.kg/post/forma-ankety).
23 июля 2024
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт   Бишкек шаары боюнча: — Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат  ордуна; Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилиши керек.   Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14  күндүн ичинде 2024-жылдын 31-майынан 13-июнуна чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт.   Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg   Арызга төмөнкү документтер тиркелет: 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана Жогорку окуу жайынан архивдик маалымкаттын көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар); 5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 6) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 2 даана; 7) 2023-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 8) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 9) тиркеме папка. Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип  Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот). Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар. Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кенеш тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын  Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин 2023-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер  конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди тапшырууда басма (компьютер) түрүндө анкета берүүгө милдеттүү. (үлгүсүн расмий сайттан шилтеме аркылуу карап  алса болот- http://otbor.sot.kg/post/forma-ankety).  
31 мая 2024
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт.   Бишкек шаары боюнча: — Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат  ордуна; — Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Баткен облусу боюнча: — Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Талас облусу боюнча: — Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Талас облусунун Манас райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Ысык-Көл облусу боюнча: -Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Нарын облусу боюнча: — Нарын облустук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилиши керек.   Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14  күндүн ичинде 2024-жылдын 28-майынан 10-июнуна чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт.   Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg   Арызга төмөнкү документтер тиркелет: 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2)жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана Жогорку окуу жайынан берилген архивдик маалымкаттын көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар); 5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 6) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 2 даана; 7) 2023-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 8) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 9) тиркеме папка. Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип  Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот). Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар. Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кенеш тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын  Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин 2023-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер  конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди тапшырууда басма (компьютер) түрүндө анкета берүүгө милдеттүү. (үлгүсүн расмий сайттан шилтеме аркылуу карап  алса болот- http://otbor.sot.kg/post/forma-ankety).  
28 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Барыктабасова Эльмира Бектургановна

Урматтуу окурмандар жана достор!

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Сиздердин Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлер боюнча оң жана терс пикирлериңиздерди карап чыгууга даярбыз.

"Жарандардын кайрылуусу" бөлүгүнө кайрылыңыздар.

 

 

Идет загрузка...