KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Бишкек шаардык сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

10 октября 2024

2024-жылдын 9-10 октябрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган Бишкек шаардык сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү.


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 25 талапкердин ичинен 2 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 3 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес,16 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес, 2 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган жана 2 талапкер келген жок..


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча баардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан  өтүшкөн жок.


Ошондой эле Жалал-Абад облустук  сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлерге аңгемелешүү өткөрүлдү, конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) 12 талапкердин ичинен 7 талапкер катышты, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 1 талапкер босого баллын албай калды, 3 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлерин чакыртып алган, жана 1 талапкер келген жок.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 6 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык сотунун жана Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.