KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

18 октября 2024

2024-жылдын 16-17 октябрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган  Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Белгилей кетсек, конкурстук тандоого катышууга 28 талапкер документтерин тапшырган, 7 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган эмес, 8 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган, 6 талапкер келген жок. ал эми 1 талапкер Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча босого баллдан өткөн эмес.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 5 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-alamudunskogo-rajonnogo-suda-chujskoj-oblasti-2