KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүштү

26 сентября 2024

2024-жылдын 25-26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган сынактык тандоо боюнча тестирлөө өткөрдү.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүштү.


«Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык компьютердик тестирлөөдөн төмөнкүлөр өтүшөт:



  • Судьянын кызмат ордуна биринчи жолу талапкер болгон адамдар;

  • Аларга конкурска катышууга арыз берүү учуру менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашкан судьялык иш стажы бар адамдар кирет.


Ал эми компьютердик тестирлөөдөн төмөнкүлөр өтүшпөйт:



  • Экзамен тапшыргандыгы жөнүндө сертификат алган адамдар (компьютердик тестирлөө) жана конкурска катышууга арыз берген учурда анын жарактуулук мөөнөтү бүтө элек болсо.


Тестирлөөгө 44 талапкер чакырылып, алардын ичинен 4 талапкер келген жок, ал эми 1 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алды. Компьютердик тестирлөөдөн өткөн 39 талапкердин ичинен тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 11 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү, ал эми 28 талапкер тестирлөөдөн өтпөй калды.


Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 4 бош кызмат ордуна 70 талапкер документтерин тапшырган.