KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 20 бош кызмат ордуна 230дан ашык талапкер документтерин тапшырды

16 апреля 2024

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 20 бош кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга 230дан ашык талапкер документтерин тапшырды.


Белгилей кетсек, 2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш республика боюнча жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялаган. Арыздарды жана документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы тарабынан 2024-жылдын 26-мартынан  8-апрелине  чейин жүргүзүлгөн.


Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар:


1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;


2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;


3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;


4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.