KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши талапкерлерди конкурстук тандоого киргизүү чечимин кабыл алды

15 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өз орундарына талапкер болгон талапкерлердин документтерин изилдеп чыгып, 9 талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышты.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык аңгемелешүүгө киргизүүдө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:


1) талапкерлердин документтери жана алардын Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин;


2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияны;


3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын ырастаган башка маалыматтарды (талапкерге пикирлер, сунуштар).


Документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тогуз талапкерди аңгемелешүүгө киргизүү чечимин кабыл алды.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын өз орундарына аңгемелешүү өткөрүүнүн болжолдуу календардык графиги бекитилди.


Календардык графиктин шилтемеси: http://otbor.sot.kg/post/primernyj-kalendarnyj-grafik-otbora-sudej-na-svoi-mesta-mestnyh-sudov-kyrgyzskoj-respubliki-2