KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жергиликтүү соттордун судьялары менен аңгемелешүү өткөрдү

20 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустук сотторунун судьялары менен аңгемелешүү өткөрдү.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан судьялардын арыздарын карап чыгып, талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрөт.


Аңгемелешүүнүн жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерди сунуштоо жөнүндө чечим жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.


Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде жогоруда аталган жергиликтүү соттордун 9 судьялары судьялык кызматка дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталмакчы.