2025-жылдын 27-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши буга чейин жарыяланган Ош облусунун Ош шаадык сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна конкурстук тандоону жыйынтыктады.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.
Ош шаардык сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна талапкер болгон 65 талапкердин ичинен 48 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу түрүндөгү тапшырманы аткарууга) чакырылган, алардын ичинен 3 талапкер конкурстук тандоого келген эмес, 18 талапкер өз талапкерлигин чакыртып алды.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 24 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 3 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.
Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган эки талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ош шаардык сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-dve-vakantnye-dolzhnosti-sudej-oshskogo-gorodskogo-suda-oshskoj-oblasti-3
