KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүштү

05 июня 2025

2025-жылдын 30-майынан 5-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган конкурстук тандоого документ тапшырган талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өткөрдү.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча тестирлөөдөн өтүштү.


Компьютердик тестирлөөгө кирүүгө уруксат берилген 191 талапкердин ичинен:


89 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өттү;


4 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алды;


5 талапкер тестирлөөгө келген жок жана келбей калуу себептерин билдирген жок.


Босого балл алган талапкерлерге Кеңештин чечиминин негизинде, топтогон баллы көрсөтүлгөн экзамен тапшыргандыгы тууралуу сертификат берилет. Компьютердик тестирлөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат эки жылга чейин жарактуу.


Белгилей кетүүчү нерсе, конкурстук тандоо төмөнкү этаптардан турат:



  • компьютердик тестирлөө;

  • жазуу тапшырмасын аткаруу;

  • берилген документтерди баалоо;

  • маанилүү кесиптик жана эрктүү сапаттарды аныктоо үчүн интервью.