KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт
Чүй облусу боюнча: — Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Чүй облусунун Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Ош облусу боюнча: — Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна; — Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;   Жалал-Абад облусу боюнча: — Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Талас облусу боюнча: — Талас облусунун административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;   Баткен облусу боюнча: — Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;   Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 18 календардык күндүн ичинде, 2025-жылдын 9-декабрынан 26-декабрына чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 1-кабат дарегинде жүргүзөт. Талапкерлер кошумча маалыматты (0558) 58-01-57 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg   Арызга төмөнкү документтер тиркелет (арыздардын үлгүлөрү https://otbor.sot.kg/post/formy-zayavlenij): 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана жогорку окуу жайынан архивдик маалымкаттын көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар  https://otbor.sot.kg/post/utverzhdena-novaya-forma-meditsinskogo-dokumenta-dlya-prohozhdeniya-meditsinskogo-osvidetelstvovaniya-kandidatov-na-dolzhnost-sude); 5) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 6) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат;   Эскертүү: жакын туугандарга: жубайы, ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ага-инилер жана эже-сиңдилер кирет.   7) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 8) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 1 даана; 9) 2024-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 10) калыптык нускама – 1 даана; Судьялык кызмат орунга талапкерлерге арыз, анкета толтуруу үчүн  төмөнкү шилтемени басыңыз: https://otbor.sot.kg/post/forma-ankety 11) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 12) тиркеме папка. 13) маалымкат-объективка (укук коргоо органдарынын кызматкерлерине).   Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип, «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан, Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттигинен талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттагы төмөнкү шитлтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот https://otbor.sot.kg/post/formy-ankety).   Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) жашы – 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.   Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кеңеш тарабынан мамлекеттик мекемелерден суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
04 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 2 бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыялайт
Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14 күндүн ичинде, 2025-жылдын 9-декабрынан 22-декабрына чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 1-кабат дарегинде жүргүзөт. Талапкерлер кошумча маалыматты (0558) 58-01-57 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg   Арызга тиркелүүчү документтер: 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар); 5) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 6) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат;   Эскертүү: жакын туугандарга: ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ага-инилер жана эже-сиңдилер кирет.   7) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 8) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 1 даана; 9) 2024-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 10) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 11) тиркеме папка.   Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип, «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан, Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттигинен талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жараны; 2) Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) Юридикалык  кесип боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы; 5) Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жараны; 2) Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) Юридикалык  кесип боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 5 жылдан кем эмес судьялык стажы бар, анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда судьялык стажы бар; 5) Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.   Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кеңеш тарабынан мамлекеттик мекемелерден суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.   Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы №664 сандуу токтомун аткаруу үчүн «Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоол болгон оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 06-октябрындагы №1198 сандуу буйругу менен судьянын кызмат ордуна талапкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн №086-1/у медициналык документинин формасы  бекитилгендигин маалымдайт.   Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому жана медициналык документтин формасы менен www.otbor.sot.kg сайтынан таанышсаңыз болот.   Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку соттун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен жаш курагынын чегине жеткенге чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн добушу менен шайланат.   Прием заявлений и документов на участие в конкурсном отборе на должность судьи Конституционного суда Кыргызской Республики и Верховного суда Кыргызской Республики осуществляет секретариат Совета по делам правосудия Кыргызской Республики в течение 14 дней, с 9 декабря по 22 декабря 2025 года, с 08:30 до 17:30 часов (обеденный перерыв с 12:00 до 13:00 часов) по адресу: город Бишкек, улица Табышалиева, д.15, 1 этаж. Дополнительную информацию претенденты могут получить по телефонам: (0558) 58-01-57 и (0312) 31-30-22.
04 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт Ош облусу боюнча: — Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна; — Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; — Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; Ысык-Көл облусу боюнча:  — Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна; Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 18 календардык күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине берилиши керек. Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 18 календардык күндүн ичинде 2025-жылдын 3-октябрынан 20-октябрына чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 1-кабат дарегинде жүргүзөт. Кошумча маалыматты (0558) 58-01-57 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg Арызга төмөнкү документтер тиркелет: 1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана; 2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана жогорку окуу жайынан архивдик маалымкаттын көчүрмөсү; 3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер; 4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар); 5) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 6) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат; Эскертүү: жакын туугандарга: ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ага-инилер жана эже-сиңдилер кирет. 7) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар; 8) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 1 даана; 9) 2024-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү; 10) калыптык нускама – 2 даана; 11) арызга тиркелген документтердин тизмеси; 12) тиркеме папка. Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип, «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан, Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттигинен талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот). Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар: 1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы; 2) жашы – 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес; 3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими; 4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар. Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Толугураак маалымат Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин   https://otbor.sot.kg/ , расмий сайтындагы Жарыялар бөлүмүндө жайгаштырылган.
03 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Молдакунов Айбек Карыбекович

Урматтуу окурмандар жана достор!

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Сиздердин Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлер боюнча оң жана терс пикирлериңиздерди карап чыгууга даярбыз.

"Жарандардын кайрылуусу" бөлүгүнө кайрылыңыздар.

 

 

Идет загрузка...