KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Болочок юристтер Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

02 июня 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин имаратында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун 1-2-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Бексултан Жаркынбаев студенттерди Кыргыз Республикасынын соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде Судьялар кеңешинин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, алардын сот тутумунун көз карандысыздыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуудагы негизги ролу жөнүндө айтып берди.


Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат ордуна өткөрүлүүчү конкурстук тандоо процедурасы болочок юристтерде чоң кызыгуу жаратты.Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыз кылуу башкармалыгынын башкы адиси Рамис Казакбаев студенттерге конкурстук тандоонун катышуучуларына коюлган талаптар, тестирлөө, аңгемелешүү жана компетенттүү орган тарабынан кандай чечим кабыл алынары сыяктуу тандоо этаптары жөнүндө кеңири маалымат берди.


Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин түзүлүшү жана иш алып баруу тартиби жөнүндө катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Студенттер үчүн Кеңештин имаратында экскурсия уюштурулуп, алар аталган органдардын ишин уюштуруу жагы менен таанышышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Гульзада Аширбаева сектордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин, ошондой эле Сот департаментинин ишин чагылдыруу боюнча маалыматтык камсыздоо жүзөгө ашырыларын белгиледи.


Жолугушуунун соңунда Сот департаментинин өкүлдөрү студенттерге кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиришип, алардын окуусуна ийгиликтерди каалап, болочок юристтердин укуктук маданиятын калыптандырууда окутуучулардын маанилүү ролун баса белгилешти.


Иш-чара жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана сот органдарынын коомчулук менен өз ара байланышын бекемдөө максатында Сот департаменти тарабынан 2026-жылга карата бекитилген медиапланын ишке ашыруу максатында маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш сектору тарабынан уюштурулду.