2023-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын талапкерлигин көпчүлүк добуш менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү кылып бекитти.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 29-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине Болотбек Акматовдун талапкерлиги шайланган жана көрсөтүлгөн чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө жөнөтүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кеңеш анын курамынын кеминде үчтөн экисин түзгөн судьялардын ичинен түзүлөт, үчтөн бирин Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт жана 12 мүчөдөн турат.