KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

"Чечимдерди кабыл алууда теңдик принцибин колдонуу – коомдогу адилеттүүлүккө жетүүдөгү салым" темасындагы семинар жыйынтыкталды

07 августа 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 07-августунда «Чечимдерди кабыл алууда теңдик принцибин колдонуу – коомдогу адилеттүүлүккө жетишүүгө салым катары»темасындагы семинар жыйынтыкталды.


Үч күндүк тренингдин ишинде тренерлер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү тренингдин катышуучулары менен бире төмөнкү маселелерди карашты:



  • Гендердик теңчилик боюнча улуттук мыйзамдар;

  • Дискриминациянын бир түрү катары аялдарга карата зомбулук: эл аралык укуктук аспект;

  • Сексуалдык жана гендердик зомбулук үчүн жоопкерчилик жөнүндө ченемдерди колдонуунун мыйзамдык көйгөйлөрү;

  • Гендердик теңчилик боюнча мамлекеттик саясаттагы учурдагы кырдаалды талдоо;

  • Гендердик зомбулукту пайда кылган стереотиптер;

  • Гендердик кылмыштар жана сексуалдык асылуу боюнча изилдөө маалыматы;

  • Өкүлчүлүктүн маанилүүлүгү. Эмпирикалык далилдер;

  • Гендердик сезимтал судьялар кимдер (иштер);

  • Сот тутумундагы аялдардын өкүлчүлүгү боюнча сот бийлиги органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча пландар (мыйзамдарга өзгөртүүлөр, изилдөө, насаатчылык).


Семинардын жүрүшүндө катышуучулар аларды кызыктырган суроолоруна жоопторун алууга мүмкүнчүлүк алышты, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбалары талкууланып, иш-чаранын катышуучулары пикирлери жана тажрыйбалары менен алмашышты. Ошондой эле практикалык көнүгүүлөр аткарылды.


Семинардын максаты болуп сот тутумунда аялдардын жетишсиз өкүлчүлүгүнүн негизги себептерин аныктоо, судьялардын кызмат ордуна талапкер аялдарды колдоонун мүмкүн болгон укуктук механизмдерин иштеп чыгуу, жаңы дайындалган судьялар үчүн судьялардын жүрүм-турум стандарттарынын бири катары насаатчылык системасын өнүктүрүү, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди тандоого жооптуу уюмдардын мүчөлөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу саналат.


Иш-чара «Кыргыз аял-судьялардын ассоциациясы» коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан «Укук булагы» программасынын «Аялдардын жана улуттук азчылыктардын сот адилеттигине жетүүдө укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу долбоорунун алкагында уюштурулду.