KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Чуй облусунун Токмок шаардык жана Ош облусунун Ош шаардык сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

28 июня 2024

2024-жылдын 27 июнунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган Чуй облусунун Токмок шаардык жана Ош облусунун Ош шаардык сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү.


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Чуй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 11 талапкердин ичинен 4 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты, , Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес, 3 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес жана 3 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 2 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 2 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Ошондой эле Ош облусунун Ош шаардык сотунун  судьяларынын эки бош кызмат орундарына талапкерлерге аңгемелешүү өткөрүлдү, конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) 14 талапкердин ичинен 5 талапкер катышты, Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 3 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 талапкер босого баллын албай калды, 1 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча баардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Чуй облусунун Токмок шаардык жана Ош облусунун Ош шаардык сотторунун кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.