KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Бишкек шаарынын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

20 июня 2024

2024-жылдын 19-20 июнунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган Бишкек шаарынын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү.


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 8 талапкердин ичинен 3 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты, 2 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес жана 3 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 2 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлерге аңгемелешүү өткөрүлдү, конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) 13 талапкердин ичинен 7 талапкер катышты, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2 талапкер босого баллын албай калды, 3 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алды жана 1 талапкер келген жок.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 6 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь жана Биринчи май райондук сотунун судьясынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.