KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Нарын облустук сотунун жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

06 сентября 2024

2024-жылдын 5 сентябрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган Нарын облустук соту жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү.


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Нарын облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 16 талапкердин ичинен 5 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес,5 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес, 2 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган жана 3 талапкер келген жок..


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 2 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 3 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Ошондой эле Бишкек шаарынын Свредлов райондук  сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлерге аңгемелешүү өткөрүлдү, конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) 8 талапкердин ичинен 3 талапкер катышты, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 4 талапкер босого баллын албай калды, жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаргандан кийин 2 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлерин чакыртып алган, жана 1 талапкер келген жок.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өттү.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Нарын облустук соту жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.