KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык жана Талас облусунун Талас шаардык сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

11 июля 2024

2024-жылдын 10 июлунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык жана Талас облусунун Талас шаардык сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү.


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 10 талапкердин ичинен 5 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты,3 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес жана 2 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 4 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Ошондой эле Талас облусунун Талас шаардык  сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлерге аңгемелешүү өткөрүлдү, конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) 11 талапкердин ичинен 3 талапкер катышты, Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 2 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 3 талапкер босого баллын албай калды, 2 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган жана 1 талапкер келген жок.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча баардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык жана Талас облусунун Талас шаардык  сотторунун кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.