KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо аяктады

02 марта 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Үч талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты жана талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өтүштү.


Эки талапкер өз талапкерликтерин конкурстук тандоого катышуудан чакыртып алышты.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча үч талапкер тең Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-suzakskogo-rajonnogo-suda-dzhalal-abadskoj-oblasti