KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо аяктады

08 июля 2024

2024-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Белгилей кетсек, конкурстук тандоого катышууга 18 талапкер документтерин тапшырган, , 10 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган эмес, 1 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган ал эми 2 талапкер келген жок.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча баардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-ak-suujskogo-rajonnogo-suda-issyk-kulskoj-oblasti