KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

27 июня 2024

2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү.


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьяларынын кызмат ордуна талапкер болгон 28 талапкердин ичинен 10 талапкерлер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты, 10 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган эмес, 5 талапкер конкурстук тандоого келген эмес жана 3 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 9 талапкер босого баллдан өтүп, 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-dve-vakantnye-dolzhnosti-sudej-sokulukskogo-rajonnogo-suda-chujskoj-oblasti