KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна конкурстук тандоо аяктады

03 февраля 2023

2023-жылдын 1-3-февралында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна мурда жарыяланган конкурстук тандоону өткөрдү. Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышып, талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өтүштү.


Белгилей кетсек, 30 талапкердин ичинен он төрт талапкер өз талапкерлигин чакыртып алган, беш талапкер конкурстук тандоого келген эмес.


11 талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты жана талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 6 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өттү.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими боюнча конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Маектешүүнүн жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-1-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-at-bashinskogo-rajonnogo-suda-narynskoj-oblasti