KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

10 марта 2023

2023-жылдын 9-10-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын эки бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Тогуз талапкер конкреттүү кырдаалды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды (жазуу жүзүндөгү тапшырма) аткарып, талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүдөн өтүштү.


Төрт талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин алып салышкан жана эки талапкер келбей калган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча жети талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген чектик баллдан өтүп, эки талапкер чектик баллдан өтө алышкан жок.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-dve-vakantnye-dolzhnosti-sudi-leninskogo-rajonnogo-suda-goroda-bishkek