KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеште ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

13 мая 2023

2023-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин имаратында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.


Жолугушууда Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Боронбаев жана маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева Судьялар кеңешинин жана сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин ишмердүүлүгү жана негизги милдеттери жөнүндө кыскача айтып беришти.


Болочок юристтер Кыргыз Республикасынын судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо процедурасына кызыгышты, ошондойэле Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрүн шайлоо тартиби жөнүндө көп суроолорду узатышты.


Студенттер үчүн Кеңештин имаратында экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө алар эки органдын иш процесси менен таанышышты.


Иш-чаранын соңунда Сот департаментинин кызматкерлери студенттерге активдүү катышкандыгы, кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, окууларына ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле өсүп келе жаткан муунга өз билимин акысыз берип, студенттердин мамлекетке жана укукка болгон сый-урматын калыптандырып, жаштардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатууга салым кошкон окутуучулардын эмгеги өзгөчө белгиленди.


Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулду.