KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьялык эки бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Октябрь райондук, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык, Ош облусунун Кара-Суу райондук, Чүй облусунун Сокулук, Чүй, Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык сотторунун судьялык бирден бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт

23 апреля 2021

 Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьялык эки бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Октябрь райондук, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык, Ош облусунун Кара-Суу райондук, Чүй облусунун Сокулук, Чүй, Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык сотторунун судьялык бирден бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт.


Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариаты Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 14 жумушчу күн ичинде 2021-жылдын 26-апрелинен 17-майына чейин 09:00дөн 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0312) 30-31-22 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып же www.otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


Арызга тиркелүүчү документтер:



  • паспорттун көчүрмөсү;

  • жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана ЖОЖдан берилген архивдик справкасы;

  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштоо стажы тастыктаган башка документтер;

  • сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ справкалар);

  • мүнөздөмө, талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктары (бар болсо);

  • 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;

  • 2020-жылдын Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;

  • арызга тиркелген документтердин тизмеси;

  • тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат. (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьялыгына талапкерге коюлуучу талаптар:



  • Кыргыз Республикасынын жараны;

  • Жашы 30 жаштан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес;

  • Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;

  • Юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны.


Конкурстук тандоого киргизүү боюнча маселе каралганга чейин талапкерлер Кеңеш тарабынан  суратылган мамлекеттик органдардардан келип түшкөн маалыматтар менен таанышууга укуктуу.