KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт

22 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык 3 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Октябрь, Свердлов жана Ленин райондук сотторунун судьялык үчтөн бош кызмат орундарына, Чүй облусунун Кемин жана Сокулук райондук сотторунун судьялык бирден бош кызмат орундарына, Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Жалал-Абад облусунун Администрадивдик сотунун судьялык 2 бош кызмат ордуна, Нарын облусунун Администрадивдик сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.


 


Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариаты 2020-жылдын 24-сентябрынан  7-октябрына чейин 10 жумушчу күн ичинде жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 2020-жылдын 24-сентябрынан 13-октябрына чейин 09:00дон 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0777) 55-19-91 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып же www.otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.