KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт

28 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Нарын облусунун Нарын райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Ош облустук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна, Ысык-Көл облустук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыялайт.


Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариаты 2020-жылдын 1-июнунан  18-июнуна чейин 14 жумушчу күн ичинде 09:00дон 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0777) 55-19-91 жана (0557) 01-55-00 телефон номерлерине чалып же www.otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


Арызга тиркелүүчү документтер:



  • паспорттун көчүрмөсү;

  • жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана окуу жайдан берилген тастыктама каты;

  • эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштоо стажы тастыктаган башка документтер;

  • сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ справкалар);

  • талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктары (бар болсо);

  • 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;

  • 2019-жылдын Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;

  • арызга тиркелген документтердин тизмеси;

  • тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат. (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьялыгына талапкерге коюлуучу талаптар:



  • Кыргыз Республикасынын жараны;

  • Жашы 30 жаштан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес;

  • Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими

  • Юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны.


Конкурстук тандоого киргизүү боюнча маселе каралганга чейин талапкерлер Кеңеш тарабынан  суратылган мамлекеттик органдардардан келип түшкөн  документтер менен таанышууга укуктуу.