KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

02 февраля 2024

2024-жылдын 31 январында жана 1 февралында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган  Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң Сот адилеттиги боюнча кеңеш талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Белгилей кетсек, конкурстук тандоого катышууга 31 талапкер документтерин тапшырган, Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 3 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес, 8 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган эмес, 1 талапкер конкурстук тандоого келген эмес жана 10 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 6 талапкер босого баллдан өтүп, 3 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-toktogulskogo-rajonnogo-suda-dzhalal-abadskoj-oblasti