KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

18 декабря 2023

2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң Сот адилеттиги боюнча кеңеш талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Белгилей кетсек, конкурстук тандоого катышууга 22 талапкер документтерин тапшырган, 13 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган эмес, 1 талапкер конкурстук тандоого келген эмес жана 5 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.