KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

05 июля 2024

2024-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган  Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 16 талапкердин ичинен 3 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты,  Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес, 9 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес, 1 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алган жана 2 талапкер келген жок.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 2 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/zavershilsya-konkursnyj-otbor-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-chon-alajskogo-rajonnogo-suda-oshskoj-oblasti