KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

18 декабря 2023

2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты (жазуу жүзүндөгү тапшырма), андан кийин Сот адилеттиги боюнча кеңеш талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна ат салышкан 19 талапкердин ичинен жети талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышты, Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 3 талапкер конкурстук тандоого киргизилген жок, 3 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган жок, 2 талапкер конкурстук тандоого келген жок жана 4 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алышты.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүп, бир талапкер босого баллдан өтө алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдерине ылайык конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-issyk-kulskogo-administrativnogo-suda