Бүгүн, 2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.
Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.
Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон жыйырма эки талапкердин ичинен жети талапкерлер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты. Он алты талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлерин чакыртып алышты, бир талапкер келген жок.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча бардык беш талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.