KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ош облусунун Алай райондук сотунун судьясынын бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

03 марта 2023

2023-жылдын 2-3-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык Ош облусунун Алай райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Тогуз талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты жана талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өтүштү.


Сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча сегиз талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүп, ал эми бир талапкер босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ош облусунун Алай райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-alajskogo-rajonnogo-suda-oshskoj-oblasti