KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

12 июня 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги боюнча кеңеши талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча маек курду.


Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 5 талапкердин ичинен 3 талапкерлер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты, 2 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган эмес


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча бардык үч талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-administrativnogo-suda-goroda-bishkek