Бүгүн, 2023-жылдын 8-августунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин жыйынында мүчөлөр айрым жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өз ордуна талапкер болгон претендеттердин документтерин изилдеп чыгып, 6 талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык аңгемелешүүгө киргизүүдө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:
1) талапкерлердин документтери жана алардын Мыйзамдын талаптарына ылайык келиши;
2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияны;
3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын ырастаган башка маалыматтарды (талапкерге пикирлер, сунуштар).
Документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш алты талапкерди маектешүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын өз орундарына аңгемелешүү өткөрүүнүн болжолдуу календарлык графиги бекитилди.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен дайындалган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2008-жылдын 7-сентябрында беш жылдык мөөнөткө аяктап жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан судьяларынан документтерди кабыл алууда.
Календарлык графикке төмөнкү шилтеме менен өтүнүз: http://otbor.sot.kg/post/primernyj-kalendarnyj-grafik-provedeniya-otbora-sudej-na-svoi-mesta-mestnyh-sudov-kyrgyzskoj-respubliki