KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш талапкерлерди конкурстук тандоого киргизүү чечимин кабыл алды

21 июня 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн кызмат орундарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу талапкерлердин документтерин изилдеп чыгып, 5 талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышты.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык аңгемелешүүгө киргизүүдө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:


1) талапкерлердин документтери жана алардын Мыйзамдын талаптарына ылайык келиши;


2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияны;


3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын ырастаган башка маалыматтарды (талапкерге пикирлер, сунуштар).


Документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Сот адилеттиги боюнча кеңеш беш талапкерди аңгемелешүүгө киргизүү чечимин кабыл алды.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын өз орундарына аңгемелешүү өткөрүүнүн болжолдуу календардык графиги бекитилди.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 7-сентябрындагы Жарлыгы менен беш жылдык мөөнөткө дайындалган жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун учурда иштеп жаткан  судьяларынан документтерди кабыл алууда.


Календардык графикке шилтеме: http://otbor.sot.kg/post/primernyj-kalendarnyj-grafik-otbora-sudej-na-svoi-mesta-mestnyh-sudov-kyrgyzskoj-respubliki