KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Каракол шаардык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү

26 июля 2022

2022-жылдын 21 жана 25-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьяларынын бош кызмат ордуна мурда жарыяланган конкурстук тандоону өткөргөн. Тактап айтканда, талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты, андан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча маектешүү өткөрдү.


Белгилей кетүүчү жагдай, сегиз талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алышты, эки талапкер келбей калышты, он үч талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды  аткарышты жана талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өтүштү.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 12 талапкер чектик баллдан ашып чыгышты жана бир гана талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген чектик баллды алган жок.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимине ылайык конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкерлер Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңеш тарабынан берилет.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренесине ылайык жергиликтүү соттордун судьялары конкурстук тандоодон өткөн жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш сунуш кылган адамдардын ичинен Президент тарабынан дайындалаарын эскертебиз. Конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо үчүн талапкерге сунуш Президентке киргизилет.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-vakantnye-dolzhnosti-sudej-karakolskogo-gorodskogo-suda-issyk-kulskoj-oblasti