KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаардык сотторунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьялары менен маектешти

04 июля 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 04-июлунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 22-беренесине ылайык Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаардык сотторунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьялары менен маектешти.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамга ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп жаткан судьялардын арыздарын карап чыгып, талапкерлердин маанилүү кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрөт.


Аңгемелешүүнүн жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна  чектүү жаш курагына жеткенге чейин дайындоо үчүн жиберилет.


Белгилей кетсек, аңгемелешүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Абдрахманов Жолон Жалаловичке Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштоодон баш тартылганды.  Себеби Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү каршы добуш беришкен.


Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаардык сотторунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьялары жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна чектүү жаш курагына жеткенге чейин дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


1.Бектемиров Куралбек Абдималикович – Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык соту;


2.Медеров Азирет Баратович – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту;


3.Турмаматов Муратали Курсаналиевич – Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык соту;


4.Бегимбаева Аида Алыбековна – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук соту.