Бүгүн, 2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунун судьялары менен маектешүү өткөрдү.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан судьялардын арыздарын карап чыгып, талапкерлердин маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрөт.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерди сунуштоо жөнүндө чечим курактык чегине жеткенге чейин жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунун судьялары курактык чегине чейин судья кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.
- Садыкова Гульмира Сартовна — Бишкек шаардык соту;
- Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич — Бишкек шаардык соту;
- Бейшеева Зарема Асаналиевна — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту;
- Асаналиева Чынара Сейиткадыровна — Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту;
- Исаева Айзада-Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту;