Бүгүн, 2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Чүй жана Ысык-Көл облустук сотторунун, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун, Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун, Ош, Талас жана Балыкчы шаардык сотторунун судьялары менен аңгемелешүү өткөрдү.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан судьялардын арыздарын карап чыгып, талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрөт.
Аңгемелешүүнүн жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерди сунуштоо жөнүндө чечим курактык чегине жеткенге чейин жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде жогоруда аталган жергиликтүү соттордун судьялары курактык чегине жеткенге чейин судьялык кызматка дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталмакчы.