KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын үч бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

17 марта 2023

2023-жылдын 16- 17-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын үч бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү


Он сегиз талапкер конкреттүү кырдаалды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды (жазуу жүзүндөгү тапшырма) аткарып, талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүдөн өтүштү.


Он бир талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин алып салган жана үч талапкер келбей койгон.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча он беш талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген чектик баллдан өтүштү, үч талапкер чектик баллдан өткөн эмес.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган үч талапкер сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.