KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

16 марта 2023

2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Эки талапкер конкреттүү кырдаалды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарып, талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өтүштү.


Эки талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алышты.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталмакчы.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-pervomajskogo-rajonnogo-suda-goroda-bishkek