KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Октябрь райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

15 марта 2023

2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Үч талапкер конкреттүү кырдаалды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарып, талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча маектешүүдөн өттү.


Эки талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алышты.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча үч талапкер тең Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими боюнча конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңеш тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталмакчы.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары:http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-oktyabrskogo-rajonnogo-suda-goroda-bishkek