KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши сот тутумунун кызматкерлеринин Күнү менен куттуктайт

05 марта 2024

 


Урматтуу судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!


Сот тармагында акылман, тажрыйбасы мол, кайраттуу жана чыдамкай адистер талап кылынат. Коомдо мыйзамдардын так аткарылышы, тартиптин сакталышы сиздердин компетенттүү ишиңиздерден көз каранды.


Сиздер Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кадыр-баркын жогорулатуу жана сот өндүрүшүнүн координацияланган механизми үчүн жооптуусуздар.


Сиздерге бекем ден соолук, акыйкаттыктын жана калыстыктын көөнөрбөс принциптерин, кынтыксыз ишмердүүлүктү, зор ийгиликтерди каалайбыз.


Жогорку кесипкөйлүгүңүздөр мындан ары да коомдогу укуктук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө боло берсин!


 


Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы


Болотбек Акматов