Урматтуу Кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши сиздерди мамлекетибиздин эң маанилүү майрамдарынын бири – Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү менен куттуктайт!
Бүгүнкү күндө негизги мыйзамдын кабыл алынганына туура 30 жыл толуп отурат. Бул демократия жана негизги укуктар үстөмдүк кылган укуктук мамлекетти бекемдөө үчүн тынымсыз изденүүлөрдүн жана аракеттердин жылдары.
Конституция биздин ар бир жараныбыз үчүн укуктардын жана эркиндиктердин кепили болуп, жеке демилгени, өз алдынчалыкты жана чыгармачылыкты ишке ашырууга мүмкүнчүлүк ачты. Биздин милдет — андагы жалпы улуттук баалуулуктарды урматтоо жана сактоо, алардын негизинде туруктуу, укуктук, демократиялык мамлекетти куруу болуп саналат.
ылайым аталган майрам гүлдөгөн өлкөнүн символу, Кыргызстандын жарандары үчүн көөнөргүс кепил болсун. Баардыгыбызга ийгилик, жаңы жетишкендиктерди, тынчтык жана ынтымак каалайбыз!