KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт

26 марта 2024

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт


Бишкек шаары боюнча:


Бишкек шаарынын Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;


— Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


Ош облусу боюнча:


— Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;


— Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна


Жалал-Абад облусу боюнча:


— Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


Баткен облусу боюнча:


— Баткен облусунун Баткен облустук сотунун судьясынын 3 бош кызмат ордуна;


Ысык-Көл облусу боюнча:


— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Ысык-Көл облусунун  Балыкчы шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


Талас облусу боюнча:


— Талас облусунун Талас шаардык  сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


Чүй облусу боюнча:


— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;


— Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14  күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилиши керек.


Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14  күндүн ичинде 2024-жылдын 26-мартынан 8-апрелине чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт.


Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg


Арызга төмөнкү документтер тиркелет:


1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана;


2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;


3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер;


4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар);


5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар;


6) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 2 даана;


7) 2023-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;


8) арызга тиркелген документтердин тизмеси;


9) тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип  Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар:


1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;


2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;


3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;


4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.


Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кенеш тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.


Эскертүү: Кыргыз Республикасынын  Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин 2023-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер  конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди тапшырууда басма (компьютер) түрүндө анкета берүүгө милдеттүү. (үлгүсүн расмий сайттан шилтеме аркылуу карап  алса болот- http://otbor.sot.kg/post/forma-ankety).