KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт

09 сентября 2022

Бишкек шаары боюнча:


— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьялык 2 бош кызмат ордуна;


— Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялык 3 бош кызмат ордуна;


 


Ош облусу боюнча:


— Ош облусунун Алай райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Ош шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


 


Жалал-Абад облусу боюнча:


— Жалал-Абад облусунун Ала-Бука шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


 


Баткенской облусу боюнча:


— Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


—  Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


 


Ысык-Көл облусу боюнча:


— Ысык-Көл облустук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


— Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьялык 1 бош кызмат ордуна;


Сынакка катышуу жөнүндө арыз талапкер тарабынан Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде берилиши керек.


Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариаты 2022-жылдын 9-сентябрынан 28-сентябрына чейин 14 жумушчу күндүн ичинде саат 09:00 дөн 17:30 га чейин (түшкү тыныгуу саат 12: 00 дөн 13: 00 гө чейин) кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22телефон номерлерине чалып же otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


Арызга тиркелүүчү документтер:


1) паспорттун көчүрмөсү;


2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана ЖОЖдан архивдик маалымкат;


3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер;


4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар);


5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар;


6) 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;


7) 2021-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;


8) арызга тиркелген документтердин тизмеси;


9) тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьялыгына талапкерге коюлуучу талаптар:


1) Кыргыз Республикасынын жараны;


2) Жашы 30 жаштан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес;


3) Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;


4) Юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны.


Конкурстук тандоого киргизүү боюнча маселе каралганга чейин талапкерлер Кеңеш тарабынан  суратылган мамлекеттик органдардардан келип түшкөн маалыматтар менен таанышууга укуктуу.