KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт

31 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт


 


Бишкек шаары боюнча:


— Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат  ордуна;


Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилиши керек.


 


Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14  күндүн ичинде 2024-жылдын 31-майынан 13-июнуна чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт.


 


Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg


 


Арызга төмөнкү документтер тиркелет:


1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана;


2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана Жогорку окуу жайынан архивдик маалымкаттын көчүрмөсү;


3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер;


4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар);


5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар;


6) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 2 даана;


7) 2023-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;


8) арызга тиркелген документтердин тизмеси;


9) тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип  Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар:


1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;


2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;


3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;


4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.


Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кенеш тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.


Эскертүү: Кыргыз Республикасынын  Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин 2023-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына талапкерлер  конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди тапшырууда басма (компьютер) түрүндө анкета берүүгө милдеттүү. (үлгүсүн расмий сайттан шилтеме аркылуу карап  алса болот- http://otbor.sot.kg/post/forma-ankety).