KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жарандар, жарандык коомдун жана ЖМК өкүлдөрү жыйналыштарга катышууга укуктуу экендигин маалымдайт

26 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (мындан ары — Кеңеш) Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу үчүн жарандар, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кеңештин Регламентинде каралган тартипте жыйналыштарга катышууга укуктуу экендигин маалымдайт.


Отурумду чагылдырууну каалаган адамдар аккредитациядан өтүп, кеңештин отурумдарына Кеңештин ЖМК жана сайт менен иштөө боюнча жумушчу тобуна арыз берүү жолу менен катыша алышат.


Мындан тышкары, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жыйналышка катышууга чакырылган жана аккредитациядан өткөн адамдардын өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин текшерүү, алып келген буюмдарын кароо жүргүзүлүшү мүмкүн.